Дан ташуу иштери уланууда
Дан эгиндерин ташыган дагы 3 кеме Украина портторунан жол тартты.
Дан ташуунун алкагында дагы 3 кеме Украина портторунан жөнөп кетти.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Бүгүн эртең менен дан ташуунун алкагында Украинанын Одесса портунан 2, Пивденный портунан 1 жалпы 3 кеме жол тартты. Мындан тышкары, Украинадан келген 1 кеме жана Украинага бара жаткан 5 кеме бүгүн текшерүүдөн өткөрүлөт»,- деп айтылды.
Кара деңизден азык-түлүктүн коопсуз өткөрүлүшү үчүн 22-июлда Стамбул Долмабахче сарайындагы Президенттиктин кеңсесинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Украина жана Орусия менен «Стамбул дан келишимине» кол коюлган.
Кара деңизден дан азыктарынын коопсуз ташылышы үчүн түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбор 27-июлда Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин кампусунда иштей баштаган.
Тектеш кабарлар
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт
Европанын Авиация коопсуздугу уюму (EUROCONTROL) 13-19-майга карата “Авиациялык отчеттун” жарыялады.