Ибрахим Калын CNN International каналына маалымат берди

Ибрахим Калын Американын CNN International каналында Москва-Киев карым-катнаштарына баа берди.

1871891
Ибрахим Калын CNN International каналына маалымат берди

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, дан коридору келишиминин Орусия жана Украина үчүн сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышын шарттай турган жаңы платформаны түзөрүн айтты.

Ибрахим Калын Американын CNN International каналында Москва-Киев карым-катнаштарына баа берди.

Калын, сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышы үчүн эл аралык коомчулуктун да Орусия менен Украинага колдоо көрсөтүүсү керектигин билдирип: «Бул үчүн албетте Орусия Украинанын шаарларына чабуулун токтотушу керек. Эки тарап тең бири-бирин түшүнүүсү зарыл. Түркия бул темада тараптарды жакындаштыруу үчүн чоң аракет кылууда»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясына кыска убакытта барышы мүмкүн экенин билдирди.

Калын, көз карандысыз делегациянын атомдук станцияда коопсуз жана эркин чөйрөдө иштей турганына, сапардын чыңалууну бир азга токтотооруна ишенгендерин белгилеп, Орусия баш болгон эч кимдин атомдук кырсыкты каалабаганын кабарлады.

Ибрахим Калын Түркиянын эл аралык делегацияларга чакырык жасап атомдук станциянын коопсуздугун камсыздоону каалаганын баса белгиледи.

Калын ошондой эле Орусиянын Крымды аннексиялоосунун мыйзамдуу эмес экенин, Түркиянын бул темадагы позициясынын 2014-жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтты.

Крымдын Украинанын бир бөлүгү экенин белгилеген Ибрахим Калын, түзүлө турчу ар кандай келишимде мунун негиз кылынышы керектигин маалымдады.



Тектеш кабарлар