Малайзиянын королу Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине барды

Султан Абдуллах Шахтын ханыша Искандария менен 21 -  августка чейин созула турган расмий сапары  30 жылдан кийин  Малайзиядан Түркияга мамлекеттик башчы деңгээлинде жасалган биринчи сапар өзгөчөлүгүнө ээ болууда.

1868530
Малайзиянын королу  Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине барды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен борбор шаар Анкарага келген Малайзиянын королу Султан Абдуллах   Риъаятуддин Аль-Мустафа Биллах Шах Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи Аныткабырга барды. 

Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар койгон   Султан Абдуллах Риъаятуддин Аль-Мустафа Биллах Шах андан кийин Мисак  - ы Милли мунарасына барды жана Аныткабырдын атайын дептерине кол жазмасын калтырып : "Көз карандысыз Түрк Республикасына жасаган сапардан кубанычтуумун. Бул сапардын  Малайзия жана Түркиянын ортосунда эки тараптуу карым  - катнаштарды бекемдөө процессин ылдамдатарын ойлоймун. Мен жана ханыша Түркия жана калкынын ар дайым Аллах тарабынан коргоого алынышы үчүн дуа кылабыз".

Султан Абдуллах Шахтын ханыша Искандария менен 21 -  августка чейин созула турган расмий сапары  30 жылдан кийин  Малайзиядан Түркияга мамлекеттик башчы деңгээлинде жасалган биринчи сапар өзгөчөлүгүнө ээ болууда. 

 

 



Тектеш кабарлар