TruGo өзү чыгарган заряддагычтарды сынап жатат

TruGoнун Твиттердеги билдирүүсүндө: «Гемлик кампусубузга орнотулган алгачкы TruGo заряддоочу аппараттарыбызды сынай баштадык»,-деп айтылды.

1864121
TruGo өзү чыгарган заряддагычтарды сынап жатат

Түркиянын Автоунаа Демилге тобунун (Togg) кубаттоо тармагынын бренди TruGo өзү чыгарган заряддоочу аппараттарын сынай баштады.

TruGoнун Твиттердеги билдирүүсүндө: «Гемлик кампусубузга орнотулган алгачкы TruGo заряддоочу аппараттарыбызды, үзгүлтүксүз колдонуучу тажрыйбасын иштеп чыгуу үчүн сынай баштадык»,-деп айтылды.

Билдирүүдө сыноого байланыштуу видео да бөлүшүлүп, аппараттын 25 мүнөттө 80 пайыздык батарея зарядын камсыз кылганы байкалды.

Тоггдун өткөн айдагы билдирүүсүндө, электр унаа колдонуучуларынын заряддоо станциясын табуу тынчсыздануусун жоюуну максат кылган TruGoнун, өтө тыгындуу жол тилкелеринде 25, берки жерлерде болсо ар 50 чакырым сайын заряддоочу аппараттар менен орун ала турганы маалымдалган.


Этикеткалар: #TruGo заряддоочу

Тектеш кабарлар