Түркияда тукумсуздукту дарылоо

Профессор доктор Жихат Үнлү маалымат берди.

1862542
Түркияда тукумсуздукту дарылоо

Түрк-немис гинекология билим берүү, изилдөө жана тейлөө фондунун (TAJEV) жетекчиси профессор доктор Жихат Үнлү тукумсуздукту дарылоодогу Түркиянын ийгилигинин Европа өлкөлөрүнө караганда жогору экенин белгиледи.

TAJEVдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө көз караштары орун алган Жихат Үнлү, бир жылдын ичинде балалуу боло албаганда тукумсуз деген диагноздун коюларын айтты.

Түркиянын тукумсуздукту дарылоодо маанилүү ийгиликке жетишкенин белгилеген Жихат Үнлү: «Акыркы 30 жылдан кийин өлкөбүздө жардамчы репродуктивдүү ыкмалар менен тукумсуздукту дарылоо боюнча жетишкен деңгээлибиз жана ийгилигибиз көптөгөн Европа өлкөлөрүнөн жогору. 1990-жылдары өзгөчө эркектердин тукумсуздугунун оор учурларында биз абдан аз иш кыла алчубуз жана бейтаптарыбыздын көбүн Европа өлкөлөрүнө жөнөтчүбүз. Бүгүнкү күндө бул көрүнүш толугу менен тескерисине айланды. Азыр Түркиядан дээрлик эч бир тукумсуз бейтап чет өлкөгө дарыланууга барбайт, тескерисинче Европадан, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан көптөгөн тукумсуз бейтаптар Түркиядагы ийгиликтүү ЭКУ борборлоруна келишет»,-деди.



Тектеш кабарлар