Түркияда маймыл чечек вирусунун учурлары

Министр Кожа кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1862568
Түркияда маймыл чечек вирусунун учурлары

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркияда ушул убакка чейин маймыл чечеги оорусуна чалдыккан 5 бейтаптын аныкталганын билдирди.

Министр Кожа кечээ Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маймыл чечек вирусу тууралуу суроого министр Кожа: "Ушул убакка чейин өлкөбүздө маймыл чечеги оорусуна чалдыккан 5 бейтап аныкталды. Бул 5 бейтапка филиация жасалып, алардын жакын чөйрөсү изоляцияланды. 4 бейтап толугу менен айыгып ооруканадан чыгарылды, бир бейтап болсо изоляцияда",- деди.

Оорулуулардын ден соолугунун жакшы экенин жана эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген Кожа: "Бул биздин өлкө үчүн эндемикалык же глобалдык жактан пандемия коркунучун туудурбайт",-деп айтты.

Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) пандемиясында пайда болгон алгачкы варианттардын күчтүүрөөк жана зыяндуу болгонун белгилеген Кожа, Omicron вариантынын болсо жугуштуураак экенин бирок бейтаптарда жеңил өткөнүнө көңүл бурду.

Министр Кожа: «(Вакциналардын) Эскертүү дозаларынын сайылышын сунуштайм. Мындан тышкары, өзгөчө улгайган жарандарыбызды коргообуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар