Эгин ташыган биринчи кеме Одессадан жөнөп кетти

Бул тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө орун алды.

1861788
Эгин ташыган биринчи кеме Одессадан жөнөп кетти

Украинанын Одесса портунан эгин жүктөлгөн биринчи кеме Түркия убактысы боюнча саат 08.30да жөнөп кетти.

Улуттук коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын министрлер жана тиешелүү тараптар менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жана Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордун активдүү ишинин натыйжасында эгин жүктөлгөн биринчи кеме саат 08:30да Одесса портунан жөнөй турганы боюнча макулдашылганы белгиленди.

Билдирүүдө жүгөрү жүктөлгөн жана Сьерра-Леоне желеги тагылган «Разони» аттуу кургак жүк ташуучу кеменин Ливанга бара турганы билдирилди.

Анда, «Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда 2022-жылдын 22-июлунда кол коюлган «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси» документинин алкагында ташыла турган бул биринчи кемеден кийин башка кемелердин да аныкталган коридорлордун жана жол-жоболордун алкагында жолго чыгышы пландалууда»,деген сөздөргө орун берилген.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, «Разони аттуу кеме Ливандын Триполи портуна баруу үчүн Одессадан жолго чыкты. Кеме 2-августта Стамбулда болушу күтүлүүдө. Стамбулда өтө турган текшерүүдөн кийин кеме бара турган портун көздөй сүзүүсүн улантат»,деген маалыматты бөлүштү.



Тектеш кабарлар