Буудай бааларында төмөндөө
Түркиянын аракети менен дан кризисинин чечилиши буудайдын баасына да чагылды. Орус-украин согушу башталган 24-февралдагы баадан төмөндөдү.
Түркиянын аракети менен дан кризисинин чечилиши буудайдын баасына да чагылды. Орус-украин согушу башталган 24-февралдагы баадан төмөндөдү.
Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго биржасында сатылган буудайдын фьючерс келишимдери акыркы 5 айдын эң төмөнкү деңгээлине түштү.
Дан кризисинин чечилиши менен сунуш көбөйөт деген күтүүлөр буудайдын наркын болжол менен 6 пайызга төмөндөтүп, 7,7 долларды түздү. Бул деңгээл акыркы жолу орус-украин согушу башталганга чейин болгон.
Буудай акыркы бир айдан бери Түркиянын да аракеттери менен данга карата оң жылыштар менен төмөндөө багытында эле.
Буудай баалары кечээ Стамбулда кол коюлган келишим менен төмөндөө рекордуна жетти.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда Түркия, Россия, Украина жана БУУнун ортосунда "Дан жана тамак - аштардын Украина портторунан коопсуз түрдө чыгаруу документине" кол коюлду.
Тектеш кабарлар
Түркия көгүлтүр желек боюнча дүйнөдө 3 - орунда
Дүйнөнүн эң көп көгүлтүр желектүү пляжына бул жылы да Испания ээ болду.