Түркия Диянет Фонду Ганада эки суу кудугун ачты

Түркия Диянет Фонду ушул убакка чейин 35 өлкөдө 866 кудук ачты.

1854963
Түркия Диянет Фонду Ганада эки суу кудугун ачты
tdv gana su kuyusu1.jpg
tdv gana su kuyusu.jpg

Түркия Диянет Фонду (TDV) "Бир тамчы жашоо" долбоорунун алкагында Гананын Сомания жана Корфоридуа аймактарында суу кудуктарын ачты.

Курман айт жардамынан улам Ганага барган TDV кызматкерлери жакыр аймактарга жетип, жергиликтүү элге Айт кубанычын тартуулашты.

TDV кызматкери Фарук Өздемир суу кудуктарын бургулоонун аймак калкы үчүн маанисине көңүл буруп: «Кудук жайгашкан жерге адамдар отурукташуу үчүн келип, эл көбөйүүдө. Анткени суу жок жерде жашоо жок. Бул суунун тынымсыз агышы аймактын калкынын көбөйүшүнө себеп болууда. Ушундайча көп сандаган адамдарга кызмат көрсөтүлөт»,-деп айтты.

Ганадагы жакыр аймактарда бургуланган суу кудуктарынын ар бири 15-25 жыл бою болжол менен 10 миң адамдын таза сууга болгон муктаждыгын камсыздайт.

Өлкөдө Түркия Диянет Фонду бургулаган суу кудуктарынын саны 58ге жетти.

Финансылык кыйынчылыктан улам суу чыгарыла албаган аймактардагы элдин сууга болгон муктаждыктарын канааттандырууну жана аймактарды өнүктүрүүнү максат кылган Түркия Диянет Фонду ушул убакка чейин 35 өлкөдө 866 кудук ачты.



Тектеш кабарлар