Террор менен күрөшүү уланып жатат

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.

1851439
Террор менен күрөшүү уланып жатат

Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террор жана террористтерге каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк, ишеним жана жогорку мотивация менен уланууда. Баатыр Мехметчик (түрк аскери) Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында ПККнын дагы 2 террористин жок кылды»,деген сөздөргө орун берди.

Шырнактын Бейтүшшебап районунун айыл аймагында башталган Эрен блокада-17 операциясынын алкагында 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Шырнактын  Бейтүшшебап элет жеринде 2022-жылдын 4-июль күнү  Шырнак аймактык командирлигинин координациясында Бейтүшшебап Жандармерия десанттык полк командирлиги менен Облустук жандармерия командирлигине караштуу Жандармериянын атайын операциялары, жандармерия десанттары жана коопсуздук күзөтчүлөр командалары тарабынан башталган жандармериянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (J-SİHA) менен колдоого алынган Эрен Блокада-17 операциясынын алкагында  2 жикчил террордук уюмдун мүчөсү 2 М-16 мылтыгы жана ок-дарылары менен жок кылынды»,делди.



Тектеш кабарлар