Чавушоглу: «Балкан өлкөлөрүнүн 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтып келишине жол бербейбиз»

Чавушоглу расмий жолугушуулар үчүн барган Косоводо вице-премьер жана тышкы иштер жана диаспора министри Доника Гервалла-Шварц менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1845385
Чавушоглу: «Балкан өлкөлөрүнүн 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтып келишине жол бербейбиз»
Donika Gervalla-Schwarz-Cavusoglu.jpg
cavusoglu kosova.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Балкан өлкөлөрүнүн 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтып келишине жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Чавушоглу расмий жолугушуулар үчүн барган Косоводо вице-премьер жана тышкы иштер жана диаспора министри Доника Гервалла-Шварц менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эки тараптуу карым – катнаштарды ар тармакта өнүктүрүүнү каалашкандарын белгилеген Чавушоглу глобалдык жана аймактык өнүгүүлөргө жана бул окуялардын аймакка, Балканга, Косового жана Түркияга тийгизген таасирине баа бергендерин жана пикир алмашкандарын белгиледи.

Чавушоглу: «Бүгүн биз дагы бир жолу Косовонун эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин колдообузду жаңыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз Косовонун мамлекеттик институттарынын бекемделишине жана анын аймактык жана эл аралык интеграциясына маани беребиз. Түркия катары Косовонун Евро-атлантикалык институттарга мүчөлүккө болгон көз карашын колдойбуз»,-деп айтты.

Косоводо Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) бар болушу карым-катнаштардын алдындагы эң чоң көйгөй экенин баса белгилеген Чавушоглу: «(ФЕТӨ) Косоводо мурда биздин өлкөдө кандай стратегияны колдонсо, ошол эле стратегияны колдонууда, аларды көрүп жатабыз. Бир жагынан жаштарды ууландырууну улантышууда, бир жагынан медиага инвестициясын көбөйтүүдө. Экинчи жагынан алардын мамлекеттик мекемелерге кирүү аракеттери да ушундай эле уланууда. Башкача айтканда Түркияда жана башка өлкөлөрдө эмне кылышса, ошону  кылып жатышат. Ошондуктан Түркия катары аларды дос жана бир тууган Косоводо көрүү биз үчүн өкүнүчтүү»,-деди.

Балканда чыңалуунун күчөгөнүн көргөндөрүн белгилеген Чавушоглу: «Түркия катары биз бул аймактын 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтып келишине жол бербей турганыбызды бир нече жолу айтканбыз. Бул үчүн бардык иштерди жасап жатабыз. Аймактын баары менен сүйлөшкөн, бардык өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болгон өлкө катары бул багыттагы аракеттерибизди улантабыз. Дипломатияны алдыңкы планга чыгарабыз. Ошондуктан диалог аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулук үчүн өтө маанилүү»,-деди.

 



Тектеш кабарлар