Италияда дайынсыз жоголгон тик учак

Кечээ Италияда дайынсыз жоголгон тик учакта Түркияда жеке фирада иштеген 4 түрктүн бар экендиги билдирилди.

1840955
Италияда дайынсыз жоголгон тик учак

Кечээ Италияда дайынсыз жоголгон тик учакта Түркияда жеке фирада иштеген 4 түрктүн бар экендиги билдирилди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Лукка шаарына караштуу Капаннори Тасинано аэропортунан учуп бир канча убакыттан кийин радардан жоголгон Augusta Koala AW119 үлгүсүндөгү тик учактагы 7 кишиден төртүүсүнүн Түркиядан жеке бир фирмада иштеген түрк жарандары экендиги маалымдалды. 

Тик учактагы түрктөрдүн абалына байланыштуу Түркиянын Римдеги элчилигинин Италия мекемелери жана түрк фирмасынын жетекчилери менен жакын байланышта экендиги билдирилди. 

Тоскана жана  Эмилия - Романья аймактарынын чек ара аймагында жоголгондугу билдирилген тик учакты издөө түнкү сааттарда токтотулуп, бүгүн кайрадан башталышы күтүлүүдө. Тик учакта италиялык учкуч, 4 түрк жана 2 ливандык болгон 7 адам болгон.

Тик учактын гигиеналык жана үй тазалыгы үчүн продукцияларды саткан  "Roto Cart"  аттуу бир фирманын кардарларын заводго алып баруу кызматын аткаргандыгы белгиленген. 

 

 



Тектеш кабарлар