Чавушоглунун Чехиянын "Lidove Noviny" гезитине жазган макаласы

Чавушоглу Чехиянын "Lidove Noviny" гезитинде Түркия-Чехия карым-катнаштарына баа берген макала жазды.

1841369
Чавушоглунун Чехиянын "Lidove Noviny" гезитине жазган макаласы

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Чехиянын ортосундагы эки тараптуу сооданын 5 миллиард долларга жакындап калганын билдирип: «Коргонуу өнөр жайы- кызматташуубуздун келечектүү багыты болуп саналат. Түрк курулуш сектору да Чехия менен турак жай жана инфраструктура муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кызматташууга абдан кызыкдар»,-деди.

Чавушоглу Чехиянын "Lidove Noviny" гезитинде Түркия-Чехия карым-катнаштарына баа берген макала жазды.

Түркиянын Украинадагы согуш башталгандан бери маанилүү саясий жана гуманитардык салым кошконуна да басым жасаган Чавушоглу: «Биз ошондой эле тараптарды саясий чечимге үндөп, дипломатияга орун калтыруу үчүн иштеп жатабыз»,- деп айтты.

Чавушоглу узак убакыттан бери уланып жаткан согуштун тобокелдигине да токтолуп: «Узакка созулган согуш коркунучу Европанын, ал тургай глобалдык коопсуздук архитектурасына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттер улантылышы керек. Украинанын эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү чечүүчү жол менен сакталышы керек»,-деп баа берди.

Түркия менен Чехиянын бул аймактык жана глобалдык кыйынчылыктарга каршы өз ара урматтоонун негизинде достук карым-катнаштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн саясий эрки бар экенин белгилеген Чавушоглу, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылы 4,4 миллиард долларга жеткенин белгилеп: «Жалпы максатыбыз болгон 5 миллиард долларга жакындап баратабыз. Коргоо өнөр жайы- биздин кызматташуубуздун келечектүү багыты болуп саналат. Түрк курулуш сектору да турак жай жана инфраструктура муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Чехия менен кызматташууга кызыкдар»,-деди.

1-июлдан тарта Европа Биримдигинин төрагалыгын Чехиянын жүргүзө турганын белгилеген Чавушоглу: «Чехиянын алдыдагы Евробиримдикке төрагалыгы Түркиянын ЕБге мүчөлүк процессин илгерилетүүгө жардам берет деп ишенем. Түркия Европа Биримдигине коопсуздук, коргонуу, тышкы саясат, энергетика коопсуздугу, экономика жана миграциялык башкаруу жагынан салым кошуу үчүн жакшы абалда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар