Багама желектүү 2 круиздик кеме Бодрумга келди

Кемеден түшкөн америкалык жана британиялык жүргүнчүлөр Пашатарласы, Кумбахче жана Жумхуриет көчөлөрүндө жөө басып соода кылышты.

1839982
Багама желектүү 2 круиздик кеме Бодрумга келди

Багама желектүү "Seabourn Encore" жана "Blue Sapphire" круиздери Мугланын Бодрум районуна келди.

Бодрум круиз портуна токтогон 180 метрлик "Seabourn Encore" кемесинде 206 жүргүнчү жана 407 экипаж мүчөсү бар.

Кемеден түшкөн америкалык жана британиялык жүргүнчүлөр Пашатарласы, Кумбахче жана Жумхуриет көчөлөрүндө жөө басып соода кылышты.

Пристанга токтогон берки Багама желектүү 175 метрлик «Blue Sapphire» круиздик кемеси да Анталья портунан жүргүнчүсүз келди.

Кеменин 10-июнда жүргүнчүлөрүн Бодрумдан алып Грециянын Санторини портуна жөнөй турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар