Антти Кайкконен : "Учурдагы абалга чечүүчү жолду табууга даярбыз"

Антти Кайкконен өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк кайрылуу процесси менен коргонуу жөндөмдүүлүгү тууралуу борбор шаар Хельсинкиде бир группа журналистке маалымат берди.

1836880
Антти Кайкконен : "Учурдагы абалга чечүүчү жолду табууга даярбыз"

Финляндиянын  коргоо министри Антти Кайкконен өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк кайрылуу процессине Түркиянын каршы чыгышы тууралуу : "Учурдагы абалга чечүүчү жолду табууга даярбыз",- деди. 

Антти Кайкконен өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк кайрылуу процесси менен коргонуу жөндөмдүүлүгү тууралуу борбор шаар Хельсинкиде бир группа журналистке маалымат берди. 

Кайкконен НАТОго арыз берүү процесси жөнүндө: "Бардык  союздаштар менен тыгыз диалогду түзүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз жана процесс тездик менен алдыга жылат деп үмүттөнөбүз”,-деди. 

Кайконнен Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө Түркиянын каршылыгы тууралуу суроого  НАТОнун ачык эшик саясат жүргүзгөндүгүн белгилеп : "Бул маселе ушул айдын аягында Испаниянын Мадрид шаарында өтө турган НАТОнун саммитине чейин чечилет деп үмүттөнөм. Албетте, эмне болорун көрөбүз, бирок азыркы кырдаалга чечим табууга даярбыз",- деди. 

Бир тараптан Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу тынчсызданууларынын талкууланышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар