Эрдоган ТҮБИТАКтын жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн 53-ТҮБИТАК лицейлеринин окуучуларынын изилдөө долбоорлорунун финалдык жарышы жана сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризм менен күрөшүүгө токтолду.

1836806
Эрдоган ТҮБИТАКтын жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган террористтердин уюгуна кирип, аларды көмүүнү уланта тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн 53-ТҮБИТАК (Түркия илимий-технологиялык изилдөө кеңеши) лицейлеринин окуучуларынын изилдөө долбоорлорунун финалдык жарышы жана сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризм менен күрөшүүгө токтолду.

Түркияга баш калкалаган азербайжан тектүү 195 советтик аскердин 1945-жылы өз ара ишеним принцибинин алкагында СССРге кайтып келишинен кийин Ыгдырдагы Боралтан көпүрөсүндө болгон кыргынды эске салган Эрдоган, аскерлердин душман тарабынан шейит кылынганын айтып: «Бул өлкө буларды башынан өткөрдү. Алардын кайталанышын каалабайбыз. Боралтан көпүрөлөрүнүн бул өлкөдө дагы болушун каалабайбыз. Биз эми Жуди, Габар, Тендүрек, Беслер Дересиндеги (ПКК) террористтердин ийиндерине чейин кирип, аларды көмүп жатсак, көмүүнү улантабыз. Шейиттерибиз бар, ооба, бирок шейиттерибизден 10, 15, 20 эсе көп жок кылынган террористтер бар»,-деп айтты.

Жаштардын билим алуусуна токтолгон президент, жаштардын билимине гана көңүл бурушу үчүн, акыл-эс жана физикалык өнүгүүсүнө гана көңүл бурушу үчүн ар кандай инвестицияларды жасаганын баса белгилеп: «Изилдөө колдоолорунан илим борборлоруна, стипендиялардан фестивалдарга, лабораториялардан фестивалдарга чейин биз жаштарыбызды изилдөөгө багыттай турган бардык кадамдарды жасайбыз»,-деди.

Эрдоган өлкөдө билим берүүнүн бардык тармагында тарыхый өзгөрүүлөргө жетишкендерин айтты.



Тектеш кабарлар