Эрдоган менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Украина - Россия согушундагы акыркы абалдар каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө 24 - февралдан бери уланып жаткан Украина - Россия согушундагы акыркы абалдар каралды.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Украина менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бардык аракетти жасагандарын, мындан ары ортомчулук кылуу менен бирге керектүү колдоолорду берүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Эрдоган Украинанын айыл чарба продукцияларын деңиз аркылуу экспорттоо үчүн коопсуз коридор куруу долбооруна өзгөчө маани бергенин айтты.
Президент Эрдоган Россия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун катышуусу менен түзүлө турган Башкаруу борборуна катышууну жана борборду Стамбулда жетекчилик кылууга принцип катары оң карагандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.