Чавушоглу : "Немис жана француз элчилери министрликке чакырылды"

Мевлүт Чавушоглу Анадолу агенттигинин «Редактордун столунда»  күн тартиби тууралуу маалыматтрады берди.

1835359
Чавушоглу : "Немис жана  француз элчилери министрликке чакырылды"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Франция жана Германиянын Анкарадагы элчилеринин ПКК террордук уюмунун бул өлкөлөрдө уюштурган митингдерден улам министрликке чакырылгандыгын жана нота берилгендигин билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Анадолу агенттигинин «Редактордун столунда»  күн тартиби тууралуу маалыматтрады берди. Германия менен Францияда ПКК митингдери тууралуу маалымат берген тышкы иштер министри : «Эки өлкөнүн элчилери чакырылды жана нота берилди. ПКК  митингдери тууралуу : «Дагы бир жолу кайталанбашы керектигин айттык»,- деди.

Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу : «Жолугушууларыбызда эмне үчүн каршы экендигибизди айтабыз. Террор менен күрөшүбүзгө колдоо убадасын берүүлөрү керек»,- деди Мевлүт Чавушоглу.

Чавушоглу : «Финляндияга дагы жылуу карашыбыз мүмкүн. Террор мыйзамдарын өзгөртүүлөрү керек. БУУ жана эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарыбыз бар. Террор коркунучун ичкериде жана тышта, Сирияда да, кай жакта болсо болсун тазалоо биздин милдетибиз»,- деди.

Тышкы иштер министри Грециянын Эгей аралдарын куралдандыруусу тууралуу : «Керектүү эскертүүлөрдү бердик. БУУга эки кат жибердик. Греция бул эреже бузуулар тууралуу артка кадам таштабаса аралдардын эгемендигин талкууга ачабыз»,- деген эскертүүсүн кайталады.



Тектеш кабарлар