Эрдоган жаштар менен жолугушту

Эрдоган Президенттиктин Миллет китепканасында  өткөн "Китепкана маектешүүсү"  программасында Түркиянын түрдүү облустарынан  келген жаштар менен жолугушту.

1829339
Эрдоган жаштар менен жолугушту
erdogan genclerle bulusma1.jpg
erdogan genclerle bulusma.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Финляндия жана Швециянын НАТОго кайрылуусу тууралуу : "НАТО коопсуздук уюму, террордук уюмдарды кабыл ала албайбыз. Бул өлкөлөр ПКК/ЙПГни кабыл алууда",- деди. 

Эрдоган Президенттиктин Миллет китепканасында  өткөн "Китепкана маектешүүсү"  программасында Түркиянын түрдүү облустарынан  келген жаштар менен жолугушту. 

 

Жаштардын суроолоруна жооп берген Эрдоган жикчил террор уюм ПКК/ЙПГны кабыл алган Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине «жок» деп жооп бере тургандарын, Швециянын чыныгы террор уясы экенин белгилеп, Түркияга да курал-жарак санкцияларын киргизгендерин айтты. 

НАТОнун коопсуздук уюму экенин баса белгилеген Эрдоган : " Мындай коопсуздук уюмунда террордук уюмдардын болушун кабыл ала албайбыз. Ошондуктан биз  бул саясатты чечкиндүүлүк менен улантабыз жана жакын досторубузга Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусуна «жок» деп айта турганыбызды жана ушундай жолду уланта турганыбызды айттык",- деди.  

Россия  -  Украина согушу тууралуу берилген суроого да жооп берген Эрдоган Түркиянын эки өлкө тууралуу тең салмактуулук саясатын жүргүзгөндүгүн, бул саясатта сөзү болгон өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен байланышты үзүү ниеттеринин жок экендигин баса белгиледи.  

Путин жана Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын билдирген Эрдоган : "Мен аларга атайын өкүлүмдү жибердим. Биз муну кийинки мезгилде да улантабыз. Анткени жаңы дүйнөлүк согуштун чыгышы биздин аймакка да, дүйнөгө да эч кандай пайда алып келбейт",- деди.

Президент Эрдоган : "Аймакта туруктуулук элементи боло турган мамлекет бар болсо ал да Түркия, аны коргошубуз керек",- деди. 

 



Тектеш кабарлар