Элазыгда "Эрен блокада - 11" операциясы башталды

Операцияга 514 персоналдын катышкандыгы билдирилди.

1829219
Элазыгда "Эрен блокада  - 11" операциясы башталды

Элазыгда жикчил террордук уюм ПККга карата  "Эрен блокада-11" операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда ПКК террордук уюмун өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди жок кылуу максатында Элазыгда "Эрен блокада - 11, жандармериянын шейит адис сержанты Рыстам Четин операциясы" баштатылды. 

Операцияга 514 персоналдын катышкандыгы билдирилип, өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн "Эрен блокада" операцияларынын жарандардын колдоосу менен чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылары белгиленди.  

Ошол эле учурда Тунжели элетинде ишке ашырылган "Эрен блокада  - 7"  операциясында террористтер тарабынан колдонулгандыгы белгиленген 6 баш калкалоочу жер жардырылды. 

Баш калкалоочу жерлерде колго жасалган 4 жардыргычтан тышкары көп сандагы азык-түлүк, медициналык жана турмуштук материалдар да колго түшүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар