Боздаг: «Финляндия менен Швеция террористтерди өткөрүп берген эмес»

Адилет министри Бекир Боздаг борбор шаар Анкарада Түркиянын муниципалитеттер биримдигинин ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1828388
Боздаг: «Финляндия менен Швеция террористтерди өткөрүп берген эмес»

Адилет министри Бекир Боздаг, Финляндия менен Швециянын Түркия кайтаруу үчүн кайрылган террористтердин эч бирин ушул убакка чейин өткөрүп бербегенин айтты.

Адилет министри Бекир Боздаг борбор шаар Анкарада Түркиянын муниципалитеттер биримдигинин ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Боздаг НАТО мүчөлүгүнүн күн тартибинде турган Швеция менен Финляндиянын террордук уюмдарды коргоо мамилесине реакция кылып: «Учурда тилекке каршы Европа Биримдигинин (ЕБ) көптөгөн өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) террордук уюмдарга олуттуу жана ачык колдоо көрсөтүүдө. Алардын башында Финляндия менен Швеция турат»,-деди.

Бул эки өлкөнүн Түркиядан кайтарылышын талап кылган Фетуллахчы террор уюму (FETÖ) менен жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин бирөөсүн да өткөрүп бербегенин баса белгилеген Боздаг: «Түркияга баа бергендер эми секирик жасап, анын каякка келгенин көрүп баа бериши керек. Террордук уюмдарды Түркиядан артык көргөндөр туура эмес тандоосу аларды уттуруп жибергенин көрүшү керек»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар