Фахреттин Алтун ТРТ француз тилиндеги санариптик каналдын ийгиликтүү болушун каалады

Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «ТРТ француз тилиндеги санариптик каналын таанытуу программасында» сөз сүйлөп, бул маанилүү учурга күбө болгону үчүн кубанычтуу экенин айтты.

1826731
Фахреттин Алтун ТРТ француз тилиндеги санариптик каналдын ийгиликтүү болушун каалады
altun trt fransizca.jpg
Mehmet Zahid Sobaci.jpg

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын  француз тилиндеги санариптик каналынын ачылышына байланыштуу : "Бүгүн эл аралык аренада бир ууч медиа компаниялардын үстөмдүгүнө жана гегемониясына туш болдук. ТРТнын демилгеси бул эл аралык гегемонияга каршы чыгуу, альтернатива түзүү аракети",-  деди.

Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «ТРТ француз тилиндеги санариптик каналын таанытуу программасында» сөз сүйлөп, бул маанилүү учурга күбө болгону үчүн кубанычтуу экенин айтты.

ТРТнын бүгүнкү күндө 7 континентте таасири бар бренд болгондугун белгилеген Алтун 2010 -  жылы курулган ТРТ Арапча жана 2015 -  жылы курулган ТРТ Worldдун Түркиянын аймактык күч жана глобалдык актер болуу жарышында аймактык жана глобалдык аренага  кайрылуу үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгиледи. Андан кийин ТРТ  орус жана немис тилдериндеги санариптик платформаларынын кийинчерээк ишке киргенин эске салган Алтун бүгүн (кечээ) эфирге чыга баштаган TRT French(француз) каналына ийгилик каалады.

ТРТнын 41 тилде интернет берүүлөрүнүн бар экендигин айткан Алтун ТРТнын бул эл аралык берүүлөр менен  үнүн угуза албагандардын үнүн угузууга, көрсөтүлө албагандарды көрсөтүүгө, үстү жабылган чындыктардын ортого чыгарылышына аракет кылгандыгын белгиледи.

Коммуникция башкармалыгынын төрагасы : "Бүгүн эл аралык аренада бир ууч медиа компанияларынын үстөмдүгүнө жана гегемониясына туш болдук. Мындай үстөмдүккө карабастан, бул медиа компаниялар чындыктын үнү жана чындыктын күзгүсү болуу функциясын аткара алышпай жатат. Анын ордуна глобалдык эксплуатациянын тартибин, глобалдык зулумчулдук тартибин чагылдырууга, бул тартиптин кызыкчылыгынын негизинде  берүүлөрүн улантышууда. ТРТнын демилгеси бул эл аралык гегемонияга каршы чыгуу, альтернатива түзүү аракети",-  деди.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да : «ТРТ французча санариптик кабар каналыбыз француз тилиндеги медиа  боштугун толтурат. Тактап айтканда мазмундагы параметр байлыгы, жаңы көз караштар,  түрдүүлүк сыяктуу көптөгөн темаларда эл аралык журналистика түшүнүгүнө жаңы дем алып келет»,- деди.

ТРТнын  башкы директору Мехмет Захид Собажы : «Ислам жана чет элдик душмандыгына каршы маалыматтандыруунун күч алышына салым кошобуз»,- деди.

Таанытууда ТРТ французчанын миссиясы жана көз карашын катышуучулар менен бөлүшкөн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы : «ТРТ французчанын негизги миссияларынын бири Франция башта болгон француз тилдүү өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий темаларын, Африка континентиндеги күн тартибин,ТРТнын адамды борборго алган медиа түшүнүгү менен массалардын көңүлүн буруу. Жалпы дүйнөдө 300 миллиондон ашуун  киши сүйлөгөн бул тилде оригиналдуу маалымат берүү, түрдүүлүк жана тереңдик принциптеринин негизинде адамдарга жаңы ой келип жана каалгалар  ачылат деген мааниге келет. Окуялардын бир гана бүгүнүнө эмес, өтмүшүнө жана келечегин белгилөө, аң  - сезиминин пайда болушуна маанилүү салым кошот»,- деди.

ТРТ французчанын бүткүл дүйнөдө ылдам өскөн ислам жана чет элдик душмандыгы менен күрөшүүнү максат кылгандыгын белгилеген Собажы : «Муну менен бирге ТРТ французчанын  эл аралык медиа желебизге кошулушу менен  өзгөчө башта Европа болгон дээрлик  бүткүл дүйнөдө жогорулган ислам жана чет элдик душмандыгына каршы  маалыматтандыруунун  күч алышына  салым кошобуз. Түркиянын глобалдык адамзаттык саясаттарынын жана ишке ашырууларынын түшүнүлүшүндө  маанилүү бир ролду аткарабыз. Маданият, искусство, спорт жана тарых тармагындагы байлыгыбызды дагы көп кишиге жеткиребиз. Муну өндүрүүнү колдоо, өз ара түшүнүшүүгө негиз  даярдоо жана маданий  түрдүүлүккө ортомчу болуу үчүн аткарабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар