Кайсериде Филяндиянын ардактуу консулдугу ачылды

Финляндиянын Анкара элчилигинин 1-катчысы жана консул Раимо Пахкасало өлкөсүнүн Түркияда күчтүү өкүлчүлүгү бар экенин айтты.

1826214
Кайсериде Филяндиянын  ардактуу  консулдугу ачылды

Кайсериде Финляндиянын ардактуу консулдугу азем менен ачылды.

Кайсери өнөр жай палатасынын  кире беришинде өткөрүлгөн ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Финляндиянын Анкара элчиси Ари Маки : «Финляндия менен Түркия Республикасы азыркы учурда мыкты карым  - катнашка ээ. Өлкөбүз бир топ тармакта кызматташуу ичинде. Өз ара карым  - катнаштарыбыз тарыхтагы эң чоң рекордуна жетти»,- деди. Маки Финляндиянын 2024 – жылы  өз ара  соода карым  - катнаштары 3 миллион евро деңгээлине чыгарууну максат кылгандарын белгиледи.

Финляндиянын Анкара элчилигинин 1- катчысы жана консул Раимо Пахкасало өлкөсүнүн Түркияда күчтүү өкүлчүлүгү бар экенин билдирди.

Кайсери өнөр жай палатасынын   төрагасы Мехмет Бүйүксимитчи болсо Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессине колдоо берген Финляндия менен карым  - катнаштарын жана эл аралык тармактагы кызматташуусун өнүктүргөндүгүн айтты.

Кайсериден 10 компаниянын Финляндияга минералдык продуктулар, электрлүү үй шаймандары, темир жана болоттон жасалган буюмдарды экспорттогондугун айткан Бүйүксимтчи ардактуу консулдуктун тышкы соода көлөмүн дагы да арттыра турганын баса белгиледи.

Мэр  Мемдух  Бүйүккылыч да шаар тууралуу маалымат берди. Сөздөрдөн кийин ардактуу консулдук ачылды.

                                



Тектеш кабарлар