Гаитиде 8 түрк уурдалып кетти
Мевлүт Чавушоглу Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Гаитиде уурдалып кеткен түрк жарандарын куткаруу үчүн Гаитиде кризистик стол түзүлгөнүн айтты.
Мевлүт Чавушоглу Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Гаитиде, ичинде 8 түрк жараны да болгон жүргүнчү автобусунун барымтага алынышына байланыштуу суроого жооп берген Чавушоглу: "Көз салып жатабыз. Гаитиде учурда кризистик стол түзүлдү",-деди.
Барымтага алуунун себеби катары кун талап кылуу ыктымалдыгы болжолдонуп жатканын билдирген Чавушоглу, түрк жарандарынын ден соолугуна байланыштуу терс маалымат келбегенин да баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу андан соң окуяга байланыштуу Гаитинин тышкы иштер министри Жан Виктор Женеус менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.