Түрк аба жолдору учуу тармагына жаңы каттамдарды кошту
Жаңы линиялардын ачылышы менен THY 128 өлкөдө 338 багытка жетет.
1824300
Түрк аба жолдору (THY) эл аралык каттам тармагына 4 жаңы багытты кошту.
THY коронавирус пандемиясынын таасиринин азайышы менен учуу тармагына жаңы каттамдарды кошо баштады.
Каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн санын көбөйткөн THY эл аралык каттам тармагына 4 жаңы линия кошту.
THYнин башкы директору Билал Экши өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасап: «Биз учуп жатабыз. Жаңы каттамдарыбыз Сиэтл-АКШ: 27-май, Жуба-Түштүк Судан: 1-июнь, Бухара: 7-июнь, Тиват-Черногория: 11-июнь, Түркия өсүүдө, THY бийикте учуп жатат»,-деп жазды.
Жаңы линиялардын ачылышы менен THY 128 өлкөдө 338 багытка жетет.