Эмине Эрдогандан Энелер күнүнө карата билдирүү...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Энелер майрамынан улам социалдык медиа баракчасынан билдирүүсүн бөлүштү.

1823609
Эмине Эрдогандан Энелер күнүнө карата билдирүү...

 

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Энелер майрамынан улам шейит болгон энелерди жана көзүндөгү наристе азабы менен сыналган бардык энелерди эскергенин айтты.

Энелер күнүнө карата социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн Эмине Эрдоган: «Дүйнөнүн жүгүн ийиндеринде, баласын жүрөгүндө көтөргөн бул-эне. Эненин жүрөгү ушунчалык чексиз болгондуктан, ал ар кандай жагымсыздыкты мээримдүүлүгү менен жеңе ала тургандай күчтүү. Энелик сезимди жан-дили менен сезип, боорукердик менен дүйнөнү кучагына алган баардык аялзатына салам айтам»,-деп айтты.

Эмине Эрдоган кийинки билдирүүсүндө да төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүнкү күнгө карата шейит кеткен апаларыбызды жана көз алдында бала азабы менен сыналган бардык энелерди терең ыраазычылык менен эскерем. Диярбакырдык энелердин сагынычынын тезирээк басылышын чын дилимден каалайм. Бир балага уя болуп, аны асырап баккан энелерибизге ыраазычылыгымды билдирем».



Тектеш кабарлар