Элчи Хаккы Эмре Юнт Куран Каримдин өрттөлүшү кабыл алынбай тургандыгын айтты
Расмус Палудан жекшемби күнү Упсала мечити жана Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосу астында Куран Каримди өрттөгөн.
Түркиянын Стокгольмдагы элчиси Хаккы Эмре Юнт Швецияда полициянын коргоосу астында мечиттин алдында Куран Каримдин өрттөлүшүн эч качан кабыл албай тургандарын белгиледи.
Элчи Юнт Даниянын ашкере оңчул «Тык багыт партиясынын» (Страм Курс) лидери Расмус Палудандын Швецияда 1 - Май эмгекчилердин эл аралык күнүндө мечиттердин алдында Куран Каримди өрттөп мусулмандарды капа кылып, өлкөдө баш аламандык жаратууга аракет кылганын айтты.
Юнт : "Полиция Палуданга уруксат бербесе да Палудан келип өз чагымчылдыгын жасап, полиция да коргоп жатат. Бул чагымчылдыктын жек көрүү кылмышына киргендигин (Швециянын тышкы иштер министрлиги) жетекчилерге билдирдим жана зарыл чаралардын көрүлүшүн талап кылдым",- деди.
Палудан жекшемби күнү Упсала мечити жана Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосу астында Куран Каримди өрттөгөн.