Калын: «Стамбул процессинин улануусу бул согуштун аякташында негизги ролду ойной алат»

Президенттиктин басма сөз катчысы жана элчи Ибрахим Калын менен тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал да болгон делегация кечээ Украинанын борбор шаары Киевге барды.

1821115
Калын: «Стамбул процессинин улануусу бул согуштун аякташында негизги ролду ойной алат»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Орусия-Украина согушуна байланыштуу, «Айрыкча Стамбул процессинин улануусу бул согуштун аякташында негизги ролду ойной алат, бул темада ишибизди улантуудабыз»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы жана элчи Ибрахим Калын менен тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал да болгон делегация кечээ Украинанын борбор шаары Киевге барды.

Калын иш сапарынын алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан кабыл алынып, президенттик администрациянын башчысы Андрей Ермак менен жолугушту.

Калын Түркиянын Киевдеги элчилигинде түрк жарандары жана Крым татар түрктөрү менен ифтарда жолугушту.

Калын Түркиянын Киевдеги элчилигинде билдирүү жасап: «Бул сапардын максаты Түркия-Украина карым-катнаштарын жана албетте уланып жаткан согушту талкуулоо жана согушту токтотуу иштерине салым кошуу»,-деди.

Түркия согуш башталгандан бери (24-февраль) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде согушту токтотуу үчүн катуу аракеттерди көрүп жатканын эске салган Калын: «Согушту токтотуу, сүйлөшүү жана диалог аркылуу бул жаңжалдарды токтотуу-биздин негизги максатыбыз. Бирок, албетте, согуш канчалык узак уланса, шарттар ошончолук оор болот. Кырдаал өзгөчө карапайым элге кол салууларды токтотуу жагынан актуалдуу болуп калды. Айрыкча Мариуполдон карапайым адамдарды эвакуациялоо жана гуманитардык коридор ачуу жана башка маселелер боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк»,-деди.

Ибрахим Калын, бул процессте Анталия жана Стамбулда эки маанилүү сүйлөшүү жолугушуусу болгонун эске салып: «Айрыкча Стамбул процессинин улануусу бул согуштун аякташында негизги ролду ойной алат, бул темада ишибизди улантуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар