Мушта "Эрен блокада - 8" операциясы башталды

Операция тууралуу ички иштер министрлиги маалымат берди.

1820518
Мушта "Эрен блокада  - 8" операциясы башталды

Мушта 588 персоналдын катышуусу менен "Эрен блокада - 8  шейит Женгиз Йигит операциясы" башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда ПКК жикчил террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди  жок кылуу максатында Мушта "Эрен блокада  - 8   шейит  Женгиз Йигит операциясы башталды. 

Муш облустук жандармерия командирлигинин жетекчилигинде жүргүзүлгөн операцияда : жандармериянын атайын операциялары, полициянын атайын операциялары, жандармерия командирлери жана коопсуздукту сактоочу топтордон турган 588 кызматкер кызмат кылууда.

Өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн «Эрен блокадасы» операцияларынын элдин колдоосу, ишеним жана чечкиндүүлүк менен уланып жатканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар