Акар Резников менен сүйлөштү
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Улуттук коргоо министерлигинин билдирүүсүндө : "Сүйлөшүүдө министр Акар ок атышпоонун мүмкүн болушунча эртерээк жарыяланышынын, Украина портторунда күтүп жаткан коммерциялык кемелерибиздин жана А400 учактарынын Түркияга коопсуз түрдө келишинин маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары министр Акар Түркиянын Украинага гуманитардык жардам үчүн өзүнө түшкөн милдетти аткарууну улантып жатканын, дагы бир жолу баса белгиледи»,- деп билдирилди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.