Эрдоган спортчулар менен ооз ачты

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада «Спорт жылдыздары ифтар программасында» билдирүү жасады.

1815470
Эрдоган спортчулар менен ооз ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Спортчуларыбыз эл аралык мелдештердин дээрлик эч биринен куру кол кайтышпайт»,- деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада «Спорт жылдыздары ифтар программасында» билдирүү жасады. 

"Түркиянын сыймыктандырган спортчулары менен ооз ачканыма абдан кубанычтамын. Сиздер өлкөбүзгө өзгөчө кызматтарды көрсөтүп, элибизге чоң кубаныч тартууладыңыздар" деген Эрдоган: «Спортчуларыбыз эл аралык мелдештердин дээрлик эч биринен куру кол кайтышпайт. Бүгүнкү күндө спортчуларыбыз күйөрмандары тарабынан урматталган жана күчтүү атаандаштар катары көрүнгөн абалга жетишти»,-деп айтты.

«Биз өз спортубузду Токио-2020 Олимпиадасында жана Паралимпиада оюндарында алтын тамгалар менен жазылган жетишкендиктерибиз менен даңазаладык. Дүйнөдө 20 миңге жакын спортчу катышкан бул иш-чарада жалпы 28 медалга ээ болуп улутубуздун сыймыгы болдуңуздар»,-деген Эрдоган, мындан ары да бардык мүмкүнчүлүктөрү менен спортчулардын жанында боло тургандарын айтып: «Ийгилик тарыхын чогуу баштан кечиргенибиздей, 2024-жылкы Париж Олимпиадасында дагы да чоң ийгиликтерге биргеликте жетишебиз",-деди.



Тектеш кабарлар