Ливиядан Түркия менен кызматташуу тууралуу мактоо

Ливиянын Президенттик кеңешинин төрага орун басары Абдуллах ал - Лафи Түркиянын өлкөсү менен аскердик кызматташтыгын мактады.

1809308
Ливиядан Түркия менен кызматташуу тууралуу мактоо

Ливиянын Президенттик кеңешинин төрага орун басары Абдуллах ал - Лафи  Түркиянын өлкөсү менен аскердик кызматташтыгын мактады.

Президенттик кеңештин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Лафи борбор шаар Триполидеги Митига аскердик базасында жайгашкан биргелешкен операция күчтөрүн зыярат кылды.

 Түркия менен Ливиянын ортосундагы аскердик кызматташтыкка жогору  баа берген  Лафи, ливиялык офицерлердин түрк куралдуу күчтөрүнүн тажрыйбасынан пайдалануусуна маани бергенин айтты.

Түркия  менен Ливиянын ортосундагы аскердик тармактагы кызматташтыктын маанисин баса белгилеген Лафи эки тараптуу кызматташтыктын Триполи менен Анкаранын ортосунда кол коюлган келишимдерге ылайык ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи.

Түркия менен мыйзамдуу Ливия өкмөтүнүн ортосунда  2019 - жылдын ноябрь айында кол коюлган «Коопсуздук жана аскердик кызматташтык меморандумунун» алкагында БУУнун алдында түрк куралдуу күчтөрүнүн  Ливияда машыктыруу, кызматташтык жана кеңеш берүү иш - чараларын улантууда.



Тектеш кабарлар