АТАКта биринчи экспорт Филиппинге...

Филиппиндин борбор шаары Маниладагы тапшыруу аземине катышкан Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир, эки дос өлкө үчүн ушундай тарыхый учурга күбө болгонуна кубанычта экенин айтты.

1808002
АТАКта биринчи экспорт Филиппинге...

Түрк куралдуу күчтөрүнүн чабуул тик учагы муктаждыктары үчүн иштелип чыккан АТАК тик учагынын чет өлкөгө биринчи экспорту Филиппинге жасалды.

Филиппиндин борбор шаары Маниладагы тапшыруу аземине катышкан Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир, эки дос өлкө үчүн ушундай тарыхый учурга күбө болгонуна кубанычта экенин айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган Коргоо өнөр жайы кызматташтыгы меморандуму менен бул тармактагы кызматташтыктын мамлекеттер аралык деңгээлге жеткенин баса белгилеген Демир: «Достуктун жана жалпы кызыкчылыктын негизинде коргоо өнөр жайы кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн негиз түздүк. Бул максатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биргелешкен коргоо өнөр жайы жумушчу тобунун биринчи жыйынын Türkiyeде же Манилада өткөрүүнү сунуштайм»,-деп айтты.

Филиппиндин коргоо министри Делфин Лорензана да Атак тик учагынын өлкөсүнүн терроризмге каршы күрөшүнө колдоо көрсөтө турганын белгилеп: «Филиппиндин Аскердик Аба күчтөрүнүн кыялы орундалганына абдан кубанычтамын, бирок үйүбүздү толук жабдуу үчүн дагы көп жол бар»,- деди.



Тектеш кабарлар