Чавушоглу НАТОнун жыйынына катышат

Чавушоглу бүгүн Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1807671
Чавушоглу НАТОнун жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6-7-апрель күндөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: "Министрибиз 2022-жылдын 6-7-апрелинде Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Ошондой эле жыйындын алкагында айрым кесиптештери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт",- деп айтылды.

Ал арада Чавушоглу бүгүн Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, министрлердин Азербайжан, Орусия жана Армениянын ортосунда кол коюлган үч тараптуу декларация менен бирге аймактагы учурдагы абал жана Украинадагы кризис тууралуу пикир алмашкандары белгиленди.



Тектеш кабарлар