Мевлүт Чавушоглу Мариуполдогу жарандар тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинада 87 түрк жаранынын бар экендигин алардын 30нун Мариуполь шаарында экендигин айтты.

1805708
Мевлүт Чавушоглу Мариуполдогу жарандар тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинада 87 түрк жаранынын бар экендигин алардын 30нун Мариуполь шаарында экендигин белгилеп : «Ок атышпоо жана туруктуу тынчтык сыяктуу  гуманитардык маселелер үчүн да аракет кылдык. Өзгөчө гуманитардык  коридорлордун ачылышы тууралуу. Эң көп кыйналган маселе Мариуполь болду. Ошондуктан кечээки үнсүздүктү ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- деди.

Чавушоглу менен Колумбиянын вице-президенти жана тышкы иштер министри Марта Лусиа Рамирес борбор шаар Анкарадагы жолугушуудан кийин Тышкы иштер министрлигинде биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Министр Чавушоглу Тürkiyenin Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштер координация кеңсеси, Эл аралык Кызыл Крест комитети жана Түрк Кызылайынын талаасында Россия жана Украина тараптары менен байланышта болгонун эске салып : «Өзгөчө Эл аралык Кызыл Крест комитетин Москвага да жибердик. Эми бул үнсүздүктөн кийин жарандарыбыздын чыгышы оңой болот. Айрым  жарандарыбыз ушул убакыттын чегинде Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Айдын автобустары менен чыгышты. Башында 150гө жакын жаран болгон. Бүгүндөн тарта 30га жакын жараныбыз бар. Бүгүн Эл аралык Кызыл Крест комитети  жарандарыбыздын санын сурады»,- деди.

Жарандардын Мариуполдон автобустар менен чыгарыла турганын белгилеген Чавушоглу, жаралуулардын бул жерден чыгарылып дарыланышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтты.

Министр Чавушоглу : «Учурда Украинада жалпысынан 87 жаран бар. Коштоочулары менен 190го жакын адамды эвакуациялайбыз»,- деди.  

Украина жана Россиянын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө маанилүү жылыш болгондугун белгилеген Чавушоглу : «Мунун улантылышы үчүн керектүү чечимдер бар. Лидерлердин деңгээлинде кабыл алынчу чечимдер бар, министрлердин деңгээлинде бекитилиши мүмкүн болгон келишимдер бар. Ошондуктан биз бардык деңгээлдеги байланыштарыбызды үзгүлтүксүз улантып жатабыз»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу сөзүн улантып, кечээ Украинанын президенти Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөн президент Режеп Таййип Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшө турганын айтып сөзүн төмөнкүчө улантты : «Анткени, чечим лидерлердин деңгээлинде кабыл алынгандыктан, министрлерди, андан соң лидерлерди чогултуп, тез арада туруктуу,  ок атышпоо келишимин түзүү зарыл. Эки тарап бир пикирге келиш керек. Биз аракеттерибизди улантабыз».



Тектеш кабарлар