Стамбулда Орусия-Украина жыйыны аяктады

Президенттиктин Долмабахче иш кеңсесинде орус жана украин тараптын делегациялары жолугушту.

1803787
Стамбулда Орусия-Украина жыйыны аяктады

Орусия 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштан кийин тараптардын сүйлөшүүлөрдү өткөрүү  үчүн Стамбулда чогулган жыйын аяктады.

Президенттиктин Долмабахче иш кеңсесинде өткөрүлгөн жыйын, орус жана украин тараптын делегация башчылары жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин аяктады.

Орус делегациясынын жыйындан кийинки билдирүүсүндө: «Биз кээ бир беренелер боюнча макулдаштык. Украинанын сунуштарын (Орусиянын президенти Владимир) Путинге билдиребиз. Тышкы иштер министрлери макул болсо Путин-Зеленский саммити мүмкүн»,-деп айтылды.

Сүйлөшүүлөргө катышкан Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин да, Киев жана Чернигов багытында аскердик кыймылдарды азайтууну чечкендерин жарыялады.

Украиналык сүйлөшүүчү делегация болсо жыйындан кийин жасаган билдирүүсүндө, Түркия да арасында болгон 8 өлкөнү кепил өлкө катары көрүүнү каалашкандарын белгилеп: «Орусия менен келишим, кепил өлкөлөр менен биргеликте түзүлөт»,- деди.

Украиналык сүйлөшүүчү топ: «Биз НАТОго кирбейбиз, бирок Евробиримдиктен (ЕБ) баш тартпайбыз. Келишимде ЕБге кирүүгө эч нерсе тоскоол болбой турганы айтылды. Крым маселесин чечиш керек. Крым - оккупацияланган аймак»,-деп билдирди.

Украин делегациясы, сүйлөшүүлөр уланып жаткан учурда Орусияга күч колдонбоону сунуштаганын, позицияларын каршы тарапка билдиргенин жана жооп күтүп жатышканын маалымдады. 



Тектеш кабарлар