Калын Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын кезектеги жыйыны Стамбулда өтөт.
1802842
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун тез арада токтошу үчүн Түркиянын демилге жана аракеттеринин улана турганын айтты.
Калын Твиттердеги билдирүүсүндө: «Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын кезектеги жыйыны Стамбулда өтөт. Сүйлөшүүлөрдө жылышка жетишүү жана согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу үчүн демилгелерибиз жана аракеттерибиз уланат»,- деди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул жасап, эки тарап андан соң бир канча жолу сүйлөшүү үстөлүнө отурушкан.