Калын: «Орусия-Украина согушунан кийин жаңы коопсуздук түшүнүгүнө муктаждык болот»

Катардын борбор шаары Доха форумунун алкагында өткөрүлгөн панелге катышкан Ибрахим Калын, Түркиянын Орусия-Украина согушундагы арачылык аракеттерине токтолду.

1802607
Калын: «Орусия-Украина согушунан кийин жаңы коопсуздук түшүнүгүнө муктаждык болот»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Орусия-Украина согушунан кийин жаңы коопсуздук түшүнүгүнө муктаждык боло турганын айтты.

Катардын борбор шаары Доха форумунун алкагында өткөрүлгөн панелге катышкан Ибрахим Калын, Түркиянын Орусия-Украина согушундагы арачылык аракеттерине токтолду.

Калын, Орусия-Украина согушунан кийин түзүлө турган эл аралык тартипте ар кимдин өзүн коопсуз сезиши керектигине көңүл буруп: «Орусия-Украина согушу аяктаганда, дүйнөдө жаңы коопсуздук түзүмү жана түшүнүгү керек болот. Бул согушту токтотуу үчүн арачылык аракеттери да бул жаңы коопсуздук түзүмүнө салым кошот»,-деди.

Калын эки өлкөнүн ортосундагы согуштун энергетика геосаясатына жана газ-нефть өндүрүшүнө таасир тийгизгенин айтып: «Энергетика, азык-түлүк жана товарлардын баасы көтөрүлдү. Биз бул кризиске эмне себеп болуп жатканын жакшылап карап чыгышыбыз керек. Биз согушка алып келген себептерди карашыбыз керек. Орусиядан Иранга, Америка Кошмо Штаттарынан Европа Биримдигине, Түркиядан Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин баары өздөрүн коопсуз сезиши керек»,-деди.

Калын бул процессте Орусия менен диалогдун үзүлбөшү керектигин баса белгилеп:«Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин жана Украинанын президенти Зеленский менен да байланышта», - деди.



Тектеш кабарлар