Түркия БУУну Украинадагы согушту токтоосуз токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Украинадагы согуштун гуманитардык кесепеттерин талкуулоо үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинде кезексиз чогулду.

1800896
Түркия БУУну Украинадагы согушту токтоосуз токтотууга чакырды

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Орусиянын Украинага каршы баштаган согушу менен эл аралык укукту ачык бузганын жана бул абалдын кабыл алынгыс экенин белгилеп, согуштун тез арада токтотулушуна чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Украинадагы согуштун гуманитардык кесепеттерин талкуулоо үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинде кезексиз чогулду.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Бул жеңүүчүсү жок согуш. Ал эч качан башталбашы керек болчу жана дароо бүтүшү керек»,-деди.

Синирлиоглу Орусиянын эл аралык мыйзамдарды ачык бузганын жана бул абалдын кабыл алынгыс экенин айтты.

Курчоодогу Мариуполь шаарында болгон окуялардын «өкүнүчтүү» экенинн белгилеген Синирлиоглу, зомбулуктун курмандыктарынын бейкүнөө адамдар, өзгөчө аялдар жана балдар болгонун айтты.

Түркиянын «Украинадагы бир туугандарын жалгыз калтырбай турганын» белгилеген Синирлиоглу, Түркиянын жарандардын эвакуацияланышы жана гуманитардык жардам темасында БУУ жана башка гуманитардык жардам уюмдары менен бирге аракет кылып жатканын түшүндүрдү.

Эл аралык коомчулукту Украина элине жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын кылууга чакырган Синирлиоглу: «Түркия дароо гуманитардык ок ​​атышпоо камсыздалышы үчүн бардык дипломатиялык ресурстарын мобилизациялоодо»,- деди.

Элчи Синирлиоглу эл аралык коомчулуктан Түркиянын негизги сунуштоочуларынын бири болгон мыйзам долбоорун колдоону, Орусияга кол салууларды токтотууну, Украинадан бардык күчтөрүн «дароо жана эч кандай шартсыз» чыгарууну жана Украинага дагы көбүрөөк жардам берүүнү суранды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар