Чавушоглу-Кулеба жолугушуусу...

Чавушоглу Москвадан кийин Орусия-Украина согушун сүйлөшүү үчүн барган Украинанын Львов шаарында тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту жана биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1797548
Чавушоглу-Кулеба жолугушуусу...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия менен Украинага болгон сапарынан улам ок атышпоо үмүттөрүнүн бир аз дагы артканын айтты.

Чавушоглу Москвадан кийин Орусия-Украина согушун сүйлөшүү үчүн барган Украинанын Львов шаарында тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында сөз сүйлөгөн Чавушоглу Түркиянын бул кризисте принципиалдуу позициясын көрсөткөнүн белгилеп: «Бул согуш, кан төгүү мүмкүн болушунча тезирээк бүтүшү керек. Биздин президент Режеп Таййип Эрдоган, мен жана башка деңгээлдерде болуп  Түркия катары биз (бул үчүн) аракет кылып жатабыз»,-деди.

Чавушоглу өз сөзүн: «Мен кечээ Москвада да айткандай, биз бул тема боюнча экинчи жолукпайбыз деп үмүттөнөм. Бул согуш жакында бүтөт жана биз Украинада жана биздин аймакта тынчтык жана туруктуулук тууралуу сүйлөшө алабыз»,-деген сөздөр менен аяктады.

Дмитрий Кулеба да Түркиянын согуштун биринчи күнүнөн баштап принципиалдуу позициясын көрсөткөнүн белгилеп, тынчтык максатына жетүү үчүн Түркия менен кызматташууну чыдамсыздык менен күткөндөрүн билдирди.

Мевлүт Чавушоглуна жеке аракети үчүн ыраазычылык билдирген Кулеба: «Сиздин чечкиндүүлүгүңүз, кайратыңыз жана жеке сапарыңыз Түркиянын активдүү оюнчу экенин далилдеп турат»,-деди.

Бир тараптан министр Чавушоглу Кулеба менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында согуштун 24-февралдан бери уланып жатканын жана миңдеген жарандардын өмүрү кыйылганын эске салып, бул согуштун тез арада бүтүшү керектигин баса белгиледи.

Чавушоглу: «Биринчи күндөн бери бул багыттагы аракеттерибизди күчөтүп жатабыз. Ушул ой менен досум Кулеба менен Орусиянын тышкы иштер министри Лавровду Анталияга алып келдик. Кулебага ошол жолугушуудагы конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирем.

Бир жагынан Беларустагы сүйлөшүүлөр уланып жатканда, биз дагы тынчтык орнотуу аракетибизди улантып жатабыз, ошондуктан мен кечээ Москвада болдум. Москвада көтөрүлгөн маселелер жана биздин байкоолор тууралуу бүгүн мен Кулебага маалымат бердим. Президент Эрдоган кечээ президент Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү, бүгүн болсо Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү»,-деп айтты.

«Бүткүл дүйнө Украинанын жана украин элинин бул согушка каршы күрөшүн көрүп турат,-деп айткан министр Чавушоглу, Украинанын жеринин бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана эгемендигин толугу менен колдогондорун, Украинага колдоо көрсөтүүнүн Түркиянын принциптүү саясаты менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн табигый натыйжасы экенин белгиледи.

Чавушоглу, өзгөчө гуманитардык тармактагы жардамдарынын улана турганын, Түркиянын бул процессте эң башынан бери принципиалдуу мамиле кылганын айтты.

Эки өлкө менен диалог түзгөн өлкө катары согушту токтотуу үчүн чын жүрөктөн аракет кылып жатышканын белгилеген Чавушоглу мындай деп улантты: «Ушул оор мезгилде жарандарыбызды чоң өлчөмдө эвакуацияладык, Украинанын башкаруучулугунан чоң колдоо алдык. Досум Кулебага жана Украина башкаруучулугуна ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Крым татар туугандарыбызга жана оор абалда калган украиналык досторубузга каалгаларыбызды ачык кармадык. Биз өлкөбүзгө келген украиналыктарды эң жакшы түрдө тосуп алууга аракет кылып жатабыз».

Чавушоглу Украинадагы Крым татарларынын координациялык борборуна да бара тургандарын белгилеп, Мариуполь аймагындагы кагылышуулар уланып жаткандыктан ал жерде жашаган түрк жарандары менен бейкүнөө жарандардын шашылыш түрдө эвакуацияланышы керектигин айтты.

Министр Чавушоглу: «Биз күч-аракетибизге ылайык, Кулеба менен Лавровду Анталияда дагы бир жолу жолугуштурсак кубанычта болобуз. Лидерлердин деңгээлиндеги жолугушуу үчүн негиз тез арада даярдалышы керек. Биз лидерлер деңгээлиндеги жолугушууну өткөрүүнү каалайбыз деп мурда эле билдиргенбиз. Бул эки сапардын натыйжасында, албетте, согуштар тууралуу так бир нерсе айтуу кыйын, бирок ок атышууну токтотуу үмүтүбүз бир аз дагы артты»,-деди.

Министр Чавушоглу ошондой эле Украинанын Түркияга ыктымалдуу келишимдин коопсуздук жагына кепил катары сунуш кылганын жана Орусиянын буга каршы эместигин айтты.

Чавушоглу Англия, Америка Кошмо Штаттары жана Түркиянын гарант өлкө боло турганы жөнүндө кабарлар, мүмкүн болгон ок атышпоо жана Путин-Зеленский жолугушуусу тууралуу суроого:«Украина Жамааттык коопсуздук келишими боюнча сунуш киргизди: P5 Түркия жана Германия. Мен кечээ Москвада болгон байланыштарымда Орусия Федерациясынын буга эч кандай каршылыгы жок экенин жана алар мындай сунушту кабыл ала аларын көрдүм»,-деп жооп берди.

Чавушоглу эң маанилүүсү эки мамлекет, өкмөт жана коомчулук тарабынан кабыл алынаарлык келишимге жетишүү экенин баса белгилеп: «Эгерде биз жакындашуу болуп жатканын көргөн маселелер боюнча макулдашууга негиз бар болсо, эки лидердин жолугушуу мүмкүнчүлүгү бар»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркияда жолугушууну каалаганын айтканын эске салган Мевлүт Чавушоглу, мындай жолугушууну өткөрүүнү каалагандарын айтты.

Москвадагы жолугушууларында Путин-Зеленский жолугушуусунун датасы суралганы боюнча Чавушоглу:«Жолугушуунун качан болорун алдын ала айтуу кыйын. Анткени буга эки лидер тең даяр болушу керек. Бул негиздин да даярдалышы керек. Жана алар датаны аныкташат»,-деп жооп берди.

Чавушоглу түрк жарандары менен башка өлкөнүн жарандарын эвакуациялоо процессинде татаал жерлер бар экенин, бул темада Украинадан чоң колдоо алгандарын белгиледи.

Министр Чавушоглу:«Бул колдоолор менен биз болжол менен 15 200 жараныбызды эвакуацияладык. Учурда Мариуполь облусунда 100дөн ашык жараныбыз бар»,-деди.

Кулеба менен болгон жолугушуусунда Мариуполь темасы күн тартибинде бар беле деген суроого Чавушоглу, кечээ орус кесиптеши Лавров менен жана бүгүн Кулеба менен жолугушуусунда бул теманы сүйлөшкөндөрүн, Кулебанын бул темада кызматташууга даяр экенин билдиргенин айтты.

Украинанын согуштун тез арада бүтүшү үчүн аракет кылаарын белгилеген Кулеба дагы, басма сөздө чагылдырылган жана Түркия кепил катары көрсөтүлгөн 15 пункттан турган меморандумдун негизинен Орусиянын каалоолорун да камтыган документ болгонун белгиледи.

Кулеба бул тексттин Украина гана кабыл алган беренелер катары чечмеленбеши керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар