Алтун: :«Батыштын украиналык сириялык деген салыштыруусу сабак боло алат»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун 2-Эл аралык Медиа жана Исламофобия форумунда сөз сүйлөдү.

1795994
Алтун: :«Батыштын украиналык сириялык деген салыштыруусу сабак боло алат»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Европа өлкөлөрүнүн баш калкалоочуларга карата эки жактуу мамиледе экенин айтып:«Украиналык сириялык деген салыштыруусу сабак боло алат», - деди.

Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 2-Эл аралык Медиа жана Исламофобия форумунда сөз сүйлөп, 2019-жылы 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы мечитте мусулмандарга карата жасалган террордук кол салууда каза болгондорду урматтоо менен эскерди.

Алтун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө исламофобиянын бардык курмандыктары менен тилектештикте экендиктерин жана тилектештигин уланта тургандарын белгиледи.

Исламофобиянын Түштүк-Чыгыш Азиядан Америка Кошмо Штаттарына чейин бардык жерде адамдардын өмүрүн коркунучка салган, дискриминацияны жайылткан жана ал тургай Сребреницадагыдай геноцидге жетиши мүмкүн болгон глобалдык бир коркунуч болуу уланып жатканын белгилеген Алтун, 2020-жылдагы маалыматтар исламофобия менен мусулмандарга каршы кыймылдарда олуттуу өсүү болгонун көрсөткөнүн айтты.

Алтун: «Биз исламофобия менен мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүктүн ар тараптан, кемсинтүүдөн дискриминацияга, зулумдуктан физикалык зомбулукка жана кол салууга чейин сезилген коркунучуна туш болуп жатабыз. Расисттик жана басмырлоочу риторика менен практиканын кээ бир европалык саясатчылар тарабынан колдоого алынышы бул коркунучтун масштабын ого бетер күчөтүүдө»,-деп айтты.

Алтун мындай мамиленин Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш чөйрөсүндө да көрүнгөнүнө көңүл бурду.

Эч кимдин мекенинен көчүрүлүшүн же азап чегүүсүн каалабагандарын баса белгилеген Алтун, бирок Европа согуштан улам өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон украиналыктарга каалгасын ачып жатканда, сириялыктарга, оогандарга же Африкадан келген качкындарга карата басмырлоочу мамиленин уланып жатканын карама-каршылыкты туудурганын белгиледи.

Алтун мындай деди: «Европадагы айрым саясатчыларды украиндер менен «согуштан качкандар» жана сириялыктарды «өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар» деп салыштыруу мисал катары эсте калат. Мындай эки жактуу мамилени Батыш актоого аракет кылууда. ММКларда "Украиналыктар сириялыктар эмес, ак, христиан жана европалык" деген комментарийлер менен коштолду. Бул да унутулбайт. Бул кош стандарттын жана бул жамандыктын негизги мотиви исламофобия жана расизм экенине өкүнүч менен күбө болуп жатабыз."

Түркиянын глобалдык деңгээлде исламофобия менен күрөшүүдө жоопкерчиликти алып, алдыңкы ролду алганын баса белгилеген Алтун:«Биз эч качан «сөз эркиндиги» деген ат менен антиисламизмди мыйзамдаштырууга жана нормалдаштырууга жол бербейбиз жана бул контекстте биз бардык эл аралык платформаларда ишибизди улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар