Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна санкция киргизүүлөргө каршы чыкты

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1792486
Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна санкция киргизүүлөргө каршы чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна санкция киргизүүлөргө каршы чыкты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Орусия-Украина согушуна токтолгон Эрдоган, эзилгендерди динине, тегине жана терисинин түсүнө карап бөлгөн менталитеттин адамзатка жана цивилизацияга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Рак клеткасы сыяктуу коомдорду каптаган расизм оорусуна Батыш дүйнөсү эми каршы туруусу зарыл экенин баса белгилеген президент Эрдоган: «Биз Украинанын кароосуз калтырылышы сыяктуу,  орус элине, адабиятына, окуучуларына жана сүрөтчүлөрүнө карай бакшыларга аңчылык кылганга окшош аракеттерди кабыл албайбыз. Германияда филармония оркестринин дрижерун (Орусиянын президенти Владмир) Путиндин досу экен деп кызматтан четтетишүүдө. Ушундай сандырактык болобу?  Аркы жагынан карап турсаңыздар, Достоевскийдин чыгармаларына Италияда жана башка Европа өлкөлөрүндө тыюу салынууда. Ушул кылымдын ушул маалында аларды көрүп, башыбыздан өткөрүү биз саясатчыларды чындап эле жердин түбүнө киргизип жатат. Бул фашисттик ишке ашыруулар топон менен саманды аралаштыргандай өч алуу жана жек көрүү  климатын күүлөө менен жаңы нааразычылыктарды жаратып украин элинин мыйзамдуу күрөшүнө да көлөкө түшүрүүдө»,-деп айтты.

Түркия катары аймактагы кризистерге карата биринчи күндөн тартып сабырдуулукту сактап, принципиалдуу жана абийирдүү позицияны көрсөтүшкөнүн билдирген Эрдоган: «Биз өз өлкөсүндөгү согуштан, куугунтуктан качып, эшигибизге келген бир дагы адамдын тилине, динине, терисинин түсүнө караган жокпуз. Биздин улут дагы бир жолу адамдык сыноодон ийгиликтүү өттү»,-деди.

Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун ысык согушка айланганына өкүнгөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Согуштун жеңүүчүлөрү болбойт»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар