Румыниядан кошумча каттамдар

THYнын басма сөз кеңешчиси Яхья Үстүн билдирүү жасады.

1786583
Румыниядан кошумча каттамдар

Түрк аба жолдорунун (THY) Орусиянын 24-февралдан бери Украинага кол салуусунан улам Румынияда кошумча каттамдарды ишке ашыра турганы жарыяланды.

THYнын басма сөз кеңешчиси Яхья Үстүн Твиттерде билдирүү жасап: "Румыниядагы каттамдарыбызга суроо-талаптын жогору болгондугуна байланыштуу учууларыбызда кошумча каттамдар пландаштырылды",-деди.

Румыниянын борбор шаары Бухаресттен Түркия убактысы боюнча саат 23.50дө биринчи кошумча каттамдын ишке ашканы белгилүү болду.

Жүргүнчүлөрдүн кеңири маалымат жана брондоо жол-жоболору үчүн 90 850 333 0 849 номуруна чала ала турганы айтылды.



Тектеш кабарлар