Чавушоглу: «Путиндин чакырыгы кабыл алынгыс»
Чавушоглу социалдык медиадан билдирүү жасады.
1785761
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина армиясына чакырыгынын кабыл алынгыс экенин айтты.
Чавушоглу социалдык медиадан билдирүү жасап: "Бул чакырыкка кызыктай болдук. Бул туура эмес, кабыл алынгыс чакыруу",-деди.
Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында украин армиясына чакырык салып, "Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине кайрылып жатам. /•••/. Бийликти колго алгыла, сиз менен оңой макулдашабыз", деген болчу.