Түркиядан Буркина-Фасого көңүл айтуу
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.
Түркия Буркина-Фасонун Пони провинциясындагы Гомгомбиро алтын кенинде кечээ болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Гомгомбиро алтын кенинде болгон катуу жарылууда эң аз 59 кишинин каза болгону жана көп сандаган кишинин жаракат алганы терең кайгыруу менен угулганы билдирилди.
Билдирүүдө, «Каза болгондордун жакындарына жана дос жана боордош Буркина-Фасо элине чын жүрөктөн көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.
Эмине Эрдоган Африка күнү менен куттуктады
Биринчи айым Эмине Эрдоган сациалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.