Президент Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Россиянын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечимин талкуулашты.

1783140
Президент Эрдоган Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка ылайык  сүйлөшүүдө Россиянын Донецк жана Луганск республикаларын таануу чечимин талкуулашты. 

Президент Эрдоган Африка сапарынын экинчи аялдамасы болгон Сенегалда өткөргөн жолугушууда Донбастагы абалдарды жана Россиянын Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында билдирилген чечимдерди жакындан иликтегендигин белгиледи. 

Түркиянын мамилесин Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүү менен ортого салгандыгын белгилеген Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путиндин республикаларды таануусунун кабыл алынбай турганын айтты. 

Президент Эрдоган Украинанын жеринин бүтүндүгүн бутага алган бардык чечимдерге каршы экендерин, маселенин чечилиши үчүн эл аралык аренада дипломатиянын бардык жолдорун колдонуу керектигин баса белгиледи.

Бир тараптан Зеленский твиттерден сүйлөшүү тууралуу маалымат берип : "Россиянын акыркы чагымчыл чечимдерине каршы Украинанын позициясын колдогону үчүн ыраазычылыгымды билдирдим»,-деди. 

Зеленский ошондой эле Германия, Түркия жана Украина катыша турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн биргелешкен саммитин колдогону үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдиргенин баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар