Акардын Мюнхендеги жолугушуулары

Министр Акар Мюнхен коопсуздук конференциясы үчүн барган Германияда эки тараптуу жолугушууларын улантты.

1781549
Акардын Мюнхендеги жолугушуулары

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт жана Сомалинин тышкы иштер министри Абусаид Мусе Али менен жолугушту.

Министр Акар Мюнхен коопсуздук конференциясы үчүн барган Германияда эки тараптуу жолугушууларын улантты.

Бул алкакта Акар Германиянын Коргоо министри болуп дайындалган Ламбрехт менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу, аймактык жана глобалдык маселелер, коргонуу өнөр жайы жана аскердик даярдык жана кызматташтык боюнча пикир алмашылды.

Акар жолугушууда Түркия менен Германиянын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарга басым жасап, коргонуу өнөр жайындагы чектөөлөргө байланыштуу конкреттүү кадамдардын ташталышы күтүлгөнүн, айрыкча Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө кызматташууга да көңүл бурду.

Министр Акар андан кийин Сомалинин тышкы иштер министри Али менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык маселелер менен коргонуу жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Акар жолугушууда эки өлкөнүн саясий жана аскердик кызматташтыгынан тышкары достук жана бир туугандыктын ар тармакта өнүгүп жатканын, Түркиянын Сомали элинин коопсуздук жана бейпилдик ичинде жашоосу үчүн ар тараптуу колдоону уланта турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар