Президент Эрдоган Азиз Санжар билим берүү кампусунун ачылышына билдирүү жиберди

Эрдоган билим берүү тармагында өлкөнүн сыймыктууларынын бири болгон профессор доктор  Азиз Санжарга программага катышканы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

1780410
Президент Эрдоган Азиз Санжар билим берүү кампусунун ачылышына билдирүү жиберди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Нобель сыйлыгынын лауреаты, түрк илимпозу профессор доктор (проф. док) Азиз Санжардын аты менен ачылган кампустун билимге болгон маанини жана  Санжарга ыраазычылык билдирүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи.  

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Профессор доктор Азиз Санжар билим берүү кампусунун ачылыш аземине билдирүү жиберди.

Кампустун пайдалуу болушун каалаган Эрдоган билим берүү тармагында өлкөнүн сыймыктууларынын бири болгон профессор доктор  Азиз Санжарга программага катышканы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Өкмөт катары акыркы 20 жылда билимге салган инвестициясынын үзүрүн ала баштай тургандарын белгилеген Эрдоган : «Өлкөбүз (Түркия Республикасынын негизделишинин 100 – жылы болгон) 2023 -  жылдагы максаттарынын негизинде ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылып, илимде, маданиятта, өнөрдө, спортто жана дагы көптөгөн тармактарда ийгиликтерге жетише турган кадрларды даярдоо үчүн керектүү инфраструктураны түзүүдө», - деди.

«Бүгүн ачкан бул заманбап кампус Азиз Санжарга болгон ыраазычылыгыбызды билдирүү менен бирге, балдарыбыздын билим алуусуна маани бергенибизди көрсөтөт»,- деген Эрдоган : «Ондогон жылдар бою ушул чатырдын астында билим жана тарбия ала турган балдарыбыз, кудум Азиз Санжар сыяктуу ала турган Нобель сыйлыктары менен улутубузду тарых сахнасында эң мыкты  көрсөтөт. Бул каалоолор менен келечектин Азиз Санжарларын тарбиялай тургандыгына ишенген бул билим берүү кампусунун өлкөбүздө курулушуна салымын кошкондорду куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар