Президент Эрдоган Аль Нахайян менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Мухаммед бин Зайид Аль Нахайян менен жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрдү.

1778594
Президент Эрдоган Аль Нахайян менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Бириккен Арап Эмирликтерине жасаган сапарынын негизинде Абу Дабинин мураскер ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Зайид Аль Нахайян менен жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрдү. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта : "Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Абу Дабинин мураскер ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Зайид Нахайян менен жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрдү",- деп билдирилди. 

БАЭ расмий агенттиги  WAMда орун алган кабарда да Эрдоган менен Бин Зайеддин борбор шаар Абу Дабидеги Ел  - Ватан сарайында жолугушкандыгы белгиленди. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу менен бирге аймактык абалдардын каралгандыгы билдирилген кабарда аймакта коопсуздук, тынчтык жана туруктуулукту арттырууга карата аракеттерди колдоого байланыштуу макулдашуу баса белгиленди. 

Кабарга караганда Бин Зайид президент Эрдоган менен болгон жолугушуусунда бул маанилүү сапардын кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен иштердин жаңы берекелүү мезгилинин курулушунун башталышы болушун каалады.

Аймактык тынчтык жана кызматташтык үчүн таштала турган ар бир кадамды кубаттай тургандарын билдирген Бин Зайид, өлкөсүнүн аймактагы түрдүү кыйынчылыктар менен биргелешип күрөшүү үчүн Түркия менен кызматташууга маани бергенин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар