Эрдоган Дубай эмири Аль Мактум менен жолугушту

Делегациялар ортосундагы жолугушууга Эрдоган менен Аль Мактум жетекчилик кылышты.

1779096
Эрдоган Дубай эмири Аль Мактум менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтерине сапарынын экинчи күнүндө борбор шаар Абу-Дабидеги жолугушууларын аяктагандан кийин Дубайга барды.

Эрдоган Dubai Expo-2020дагы лидерлик көргөзмө аянтында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри жана Дубай эмири шейх Мухаммед ибн Рашид Аль Мактум менен жолугушту.

Эрдоган менен Аль Мактум делегациялар ортосундагы жолугушууга жетекчилик кылышты.

Президент Эрдоган иш сапарында ардак китебине төмөнкүлөрдү жазды:

«Түркия улуттук күнүнө карата болгон сапарымда лидерлик көргөзмө аянтында EXPO-2020 Дубайга кабыл алынганыма абдан кубанычтамын.

Урматтуу иним Аль Мактумга жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем.

"Акылдарды бириктирүү, келечекти түзүү" темасы менен өткөрүлгөн ЭКСПО-2020нын ийгилигинен улам Бириккен Араб Эмираттарын куттуктаймын».



Тектеш кабарлар